Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү тротуар жаңыланууда




Бишкектин Фрунзе көчөсүнүн эки тарабында тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Фрунзе көчөсү менен Эркиндик бульварынан Раззаков көчөсүнө чейин түндүк тарабында, Панфилов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин түндүк тарабында, Манас проспектисинен Исанов көчөсүнө чейин түштүк тарабы, Манас проспектисинен Турусбеков көчөсүнө чейин эки тарабы жана Манас проспектисинен Исанов көчөсүнө чейин асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери аяктап жатат.
"Ошондой эле түштүк тараптан Абдрахманов көчөсү жана Тыныстанов көчөлөрүнүн жана К.Акиев көчөсү менен Тимирязев көчөсүнүн тротуарлары оңдолду.
Түндүк тараптан Абдрахманов-Тыныстанов көчөлөрүнүн ортосу, түштүк тарабы Исанов көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин, түштүк тарабынан Тыныстанов көчөсүнөн Үмөталиев көчөсүнө чейин асфальт төшөө иштери аяктады", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ирригациялык системаны орнотуу иштери 100 пайызга бүттү.



