super.kg logo

Милиция кызматкерлери "Үмүт" үйүнө видео байкоолорду сатып беришти

 

Милиция кызматкерлери “Үмүт үйү” улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесине видеокамераларды сатып беришти. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, “Улгайган курактагы адамдарга кѳңүл буруу жана камкордук” деген ураандын алкагында ИИМдин кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Үмүт" үйү улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинин ички жана тышка аймагына коопсуздук үчүн өздөрүнүн каражаттарынан сатып алышкан видео байкоолорду орнотушту.

Ага ылайык, мындай жардамдар республика аймагында жайгашкан полктун бардык бөлүктөрүндө да өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, учурда социалдык стационардык мекемесинде 220 карыя жашайт. Алардын ичинен 100ү аялдар, 120сы эркектер, ал эми алардын ичинен 32си майыптыгы бар карыларды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: