super.kg logo

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы жаңы жолдорду көрүп чыкты (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүнүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Узундугу 3,5 чакырымды түзгөн Т.Байзаков атындагы проспектисин оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айында аяктаган. Жолду реконструкциялоого 146 миллион сомдон ашуун каражат каралган.

Ал эми Б.Осмонов атындагы көчөнүн курулуш иштери ушул жылдын сентябрь айында башталган. Бул үчүн 139 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары Мурзакул Болуш атындагы көчөнү оңдоо иштерине 35 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

"Төрага жөө адамдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, көчөлөрдү энергияны үнөмдөөчү жарыктандыруу, ошондой эле активдүү жашоо образды жана спортту өнүктүрүү үчүн веложолдорду түзүүнү эске алуу менен курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров “Жалал-Абад” санаторийинин абалы менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2023. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: