super.kg logo

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммитине карата кандай өзгөрүүлөр болууда? (сүрөт)

 

Борбор калаанын муниципалитети тарабынан алдыдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине даярдык көрүү боюнча тапшырмалар аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Аска-Таш" комплексинин аймагында жайгашкан фонтанды жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Анын аймагында 100дөн ашык жарык берүүчү приборлор орнотулуп, монументти жарыктандыруу ишке ашырылды, 20 даана декоративдүү жарык берүүчү таянычтар орнотулду.

Ага ылайык, "Аска-Таш" комплексинин жанындагы унаа жолду кеңейтүү, Фучик көчөсүндөгү аялдамаларды жана тротуарларды оңдоо иштери толугу менен аткарылды.

Мындан тышкары Фучик көчөсүндөгү "Аска-Таш" комплексинен Ленский көчөсүнө чейинки жолдун эки тарабына 1600 бетон тосмолор орнотулду. Ошондой эле 8 миң 500 даана гүл отургузулду.

"Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Ю.Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүнө Ош базарынын аймагына 1760 туя отургузулду. Бүгүнкү күндө кошумча 2700 туя алып келүү үчүн келишим түзүлдү. Ошондой эле, Чүй проспектиси менен Ю. Фучик кѳчѳсүнүн кесилишиндеги стелланы реканструкциялоо жана айланасын ландшафтык жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Ал эми Манас проспектисине 10 миң 200 метр узундукта туя кѳчѳттѳрү отургузулду.

Ч.Айтматов проспектисинде Семетей көчөсүнөн баштап Ажыбек Баатыр көчөсүнө чейин кабелдер төшөлүп, 216 даана мамычалар коюлду.

21 миң 930 даана бир жылдык жана 1500 даана көп жылдык гүлдөр отургузулган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Манас көчөсү-Ч.Айтматов проспектисиндеги жол чиймелер толугу менен жаңыртылды. Бүгүнкү күндө Фучик көчөсүндөгү, Жибек-Жолу проспектисиндеги, Чүй проспектисиндеги жол чийиндерди жаңыртуу, ошондой эле Чүй проспектисиндеги тротуарларды оңдоо иштери жүргүзүлдү.

24 жарнама конструкциясын жана 5 аялдама комплексин бузуу иштери жүргүзүлүп, учурда алардын бардыгы толугу менен бүткөрүлдү. Ошондой эле 9 заманбап аялдама комплекстери орнотулду.

Үйлөрдүн фасаддарын оңдоо (сырдоо) иштери аяктады. Үйлөрдүн жана объектилердин 60ка жакын фасады толугу менен жаңыртылып, 70тен ашык тосмолор калыбына келтирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2023. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: