Бишкекте 31-декабрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды
Бишкекте митинг өткөрүү жерлерине чектөө узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамды жетекчиликке алуу менен Биринчи Май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган.
"Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин,Орусия элчилигинин имараттарынын жанында, "Ала-Тоо" аянтында, Президенттин администрациясында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи Май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды", - деп айтылат маалыматта.
Бул чектөөлөр 1-октябрдан 31-декабрга чейин күчүнө кирди жана күчүндө болот.
Мындан ары бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.



