super.kg logo

 Бишкекте адамдарды уурдоого шектелип 3 жаран кармалды (видео)

 

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы адам уурдоо жана опузалап акча талап кылуу боюнча кылмыштын бетин ачты. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда ИИМге жарандардан эркине каршы тууганын уурдап, белгисиз жерде кармап жаткандарга карата чара көрүү өтүнүчү менен билдирүү түшкөн. Маалым болгондой, эки адам уурдалганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, адамдарды уурдаган жарандар доллар менен ири суммадагы акча талап кылышкан.

Ага ылайык, ИИМдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан оор кылмышка шектүү катары 3 адам кармалды.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан ашык адамга карата жасалган адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми уурдалган 23 жана 30 жаштагы жарандарды мейманканалардын биринин аймагында 6 күн мыйзамсыз кармап турушкан. Шектүүлөр алардан 160 миң доллардан ашык акча талап кылышкан.

Учурда үч шектүү тең кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Уурдалган жарандар бошотулган.

"Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда далил катары уюлдук телефондору жана башка буюмдар алынган. Мындан тышкары, баңгизаттар табылган. Кармалган жарандарга өздүк кароо жүргүзүү учурунда жеке күзөт агенттигинин кармалган кызматкерлеринен травматикалык тапанча жана бычак алынган. Күзөт агенттигинин кеңсесин тинтүү учурунда ок атуучу курал, 3 газ травматикалык тапанча жана октор табылган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.






Бишкекте адамдарды уурдоого шектелип 3 жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2023. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: