Бейшембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 12-октябрда Талас облусунун айрым жерлеринде жана Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурасында Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27 даража,
Талас аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25 градус,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29га чейин жылыйт.
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,
Нарын жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22.
Борбор калаа Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.





1 |