super.kg logo
  Саясат  

Жээнбек Кулубаев Беларустун Тышкы иштер министри Сергей Алейник менен жолугушту

 

Бүгүн, 11-октябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна катышуу үчүн келген Беларустун Тышкы иштер министри Сергей Алейник менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда кыргыз-беларус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш-чаралар, анын ичинде 13-октябрда Бишкек шаарында өтө турчу КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны тууралуу сөз кылышты.

"Тараптар саясий диалогду колдоонун, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн, транспорттук-логистикалык жана өнөр жай чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуунун, ошондой эле өз ара кызыгууну жараткан долбоорлорду жана иш-чараларды жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык рухунда кыргыз-беларус мамилелерин кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан ары өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: