Акыйкатчы сот органдарына төрт өспүрүмдү тергөө абагынан коё берүүгө чакырды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сот жана прокуратура органдарын улуттук мыйзамдарга ылайык, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын сактоону камсыздоого чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 26-ноябрга чейин 14 жаштан 16 жашка чейинки төрт жашы жете элек балдарды камакта калтырган. Алар Кылмыш кодексинин 280-беренесинин 2-пунктуна (бейбаштыкка) ылайык, азыраак оор кылмышка шектелип жатышкан.
Ага ылайык, Акыйкатчы институтунун Укук коргоо органдары тарабынан жана эркинен ажыратуу жайларында адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери белгилегендей, өспүрүмдөрдүн көрсөтмөлөрүн соттор уккан эмес. Бул жалпы кабыл алынган эл аралык укуктук ченемдердин бузулушу болуп саналат.
Мындан тышкары сот Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн шектелип жаткан өспүрүмдөрдү камактан бошотуп жана ата-энелеринин жоопкерчилигине берүү зарылдыгы жөнүндө жүйөөлөрүн көңүлгө алган эмес.
"Ошондой эле судья Жогорку Соттун пленумунун соттор тарабынан жашы жете электерди өзгөчө оор учурларда гана камакка алуу жана баш коргоо чарасын кабыл алуунун негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө кылмыш-процессуалдык мыйзамдарын соттордун колдонуу практикасы жөнүндө токтомун эске алган эмес. Жашы жете электер үчүн өзгөчө учур болуп өтө оор кылмыш жасоого шектелүү, буга чейин кабыл алынган баш коргоо чарасынын шарттарын бузуу, ошондой эле шектүү тарап сотко чейинки өндүрүш органынан жана соттон качып жүргөн жагдайлар эсептелет", - деп айтылат маалыматта.
Акыйкатчы Укук коргоо жана сот органдарын жашы жете элек балдардын кылмыш иштерин иликтөөдө жана сотко жөнөтүүдө Ювеналдык юстициянын мыйзамдарынын, Жогорку соттун пленумдарын жана Укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларын бекем сактоого чакырат.
Жашы жете балдарды камакка алуу маселесин кароодо укуктардын төмөнкү улуттук жана эл аралык ченемдери сот тарабынан көңүлгө алынган эмес:
- Баш мыйзамда эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары, ошондой эле мыйзамга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелери каралган.
- БУУнун жашы жете электерге карата сотко жөнөтүүгө байланыштуу (Пекин эрежелери) 1985-жылы 29-ноябрда кабыл алынган БУУнун Башкы ассамблеясынын Резолюциясында БУУнун стандарттык эрежелеринде негизги жетектөөчү принциптердин бири чагылдырылган: жашы жете элек өспүрүм башка тиешелүү чаралар болгон учурларды кошпогондо абакка камалбашы керек.
- Ошол эле маалда Пекин эрежелеринде соттук териштирүү жашы жете элек өспүрүмдүн кызыкчылыгына жооп бериши керек жана өспүрүмдүн көз карашын эркин билдирүүгө мүмкүндүк берүүчү түшүнүү атмосферасында болушу керектиги каралган.





1 |