super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-орус алакасы: Акылбек Жапаров жана Алексей Оверчук эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар “Кыргызстан менен Орусиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” Кыргызстан-Орусия аймактар аралык конференциясынын ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилешти.

Акылбек Жапаров Орусия президентинин Кыргызстанга расмий сапарынын алдында эки тарапты кызыктырган бир катар маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин, анын ичинде энергетика, транспорт, билим берүү жана илим тармактарын талкуулашты.

Акылбек Жапаров Кыргызстанда 9 биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмунун курулушу - эки өлкөнүн достугунун келечектүү долбоору экенин, ал толук жана ийгиликтүү ишке ашырыла турганын, Кыргыз Республикасынын мектептериндеги билим берүү системасын өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.

Өз кещегинде Алексей Оверчук өз кезегинде Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин саламын жолдоду.

Ал бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: