Бишкекте КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын кеңешинин отуруму башталды



Бишкекте Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму башталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, отурумда КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат.
Мындан тышкары маалыматта КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болору айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

