Илхам Алиев Никол Пашиняндын Бишкекке келбегенине нааразы болду

Алиев өз пикиринде Армения тынчтыкты кааласа бардык мүмкүнчүлүктү пайдалана тургандыгын айтты.
"Армения тынчтыкты каалайбы деген суроо жаралат. Менимче, жок. Эгер кааласа бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланмак. Армениянын премьер-министри 6 саат жол жүрүп Гранададагы түшүнүксүз жолугушууга барып, Азербайжансыз Азербайжанды талкуулады, ал эми 2-3 сааттык жолдогу Бишкекке келе албай калганы кызык", - деди Алиев.
Белгилей кетсек, саммит эртең, 13-октябрда Бишкекте өтөт. Ал эми 10-октябрда Никол Пашинян Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөшүп, бир катар жагдайлардан улам КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынына катыша албай турганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

