super.kg logo
  Саясат  

Баткен облусу менен Орусиянын Свердловск, Челябинск облустары кызматташат

 

Кечээ, 11-октябрда Жалал-Абад шаарында өткөн “Кыргызстан менен Орусиянын өнөр жай кооперацияларынын жаңы горизонттору” кыргыз-орус аймактар аралык X мааракелик конференциясынын алкагында Баткен облусу менен Орусиянын Свердловск, Челябинск облустарынын ортосунда кызматташтыкты орнотуу боюнча ниеттенүү протоколуна кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, келишимдер облустар ортосунда экономика, жаштар саясаты, маданият, спорт жана туризм тармагында кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү, соода-экономикалык, илимий - техникалык жана маданий- гуманитардык чөйрөдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу, анын ичинде облустардын калкынын кызыкчылыгында достук, ишеним, өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана өнөктөштүк принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана куруу максатын көздөйт.

"Протоколго президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Орусиянын Свердловск облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В. Ярин, ал эми Челябинск облусу менен кызматташууну орнотуу боюнча ниеттенүү меморандумуна Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Сергей Сушков кол коюшту", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Орусиянын "Юнигрин Энерджи" мекемеси жана кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, Министрлер кабинетинин алдындагы жашыл энергия фонду мамлекеттик компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга да кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: