super.kg logo
  Саясат  

Путин: "Орусия Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшү болуп саналат"

 

Орусия Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшү болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Орус лидери Владимир Путин билдирди.

Путиндин айтымында, бардык топтолгон инвестициялардын 36 пайызын орусиялык инвестициялар түзөт.

Азыр Кыргызстанда Орусиянын катышуусу менен түзүлгөн 800дөй ишкана бар. 2022-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 37 пайызга өсүп, башкача айтканда 3,5 миллиард долларга жеткен. Ал эми 2023-жылдын биринчи жарымында дагы 17,9 пайызга көбөйдү”,- деди Путин.

Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров Путиндин сапарынын чоң символикалык мааниси бар экенин айтты.

Орус лидеринин сапары Кант авиабазасынын 20 жылдыгына жана кыргыз-орус Славян университетинин 30 жылдыгына туш келип жатат. Эки тараптуу мамилелердеги бул маанилүү окуялар биздин достугубуздун символу болуп саналат. Биз кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин жогору баалайбыз”,- деди Жапаров.

Эске салсак, учурда Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: