super.kg logo

Бишкекте мэрия менен келишимдик мамиледе болбогон электро самокаттар алынууда (видео)

 

Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери КМШ саммитинин делегациялары жүргөн каттамдагы кароосуз калган электр самокаттарын алууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери, Биринчи Май райондук муниципалдык аймактыктын кызматкерлери, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 100гө жакын "To Go" ишканасынын самокаттарды жана муниципалитет менен келишимдик мамиледе болбогон, ижарага берген башка ишканалардын электр самокаттарын алышты.

"Көчөлөрдү самокаттардан "тазалоо" боюнча тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө "To Go" компаниясынын өкүлдөрү муниципалдык кызматкерлердин аракеттерине агрессивдүү мамиле жасап, алардын ишине тоскоолдук жараткан.

Ага байланыштуу самокаттар Чүй проспектисин, борбордук "Ала-Тоо" аянтын, Бета Сторес соода борборунун жанындагы аймакты, Эркиндик бульварын, Ю.Абдрахманов көчөсүн, Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринен алынды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Бишкек мэриясына караштуу "Муниципалдык унаа токтоочу жайлар, жана унаа токтотуучу базарлар" ишканасы менен келишимдик мамиледе болгон "Абрикос" ЖЧКсы («e-motion») жана "Промо Экспресс" ЖЧКсынын («Sunrent») жооптуу кызматкерлери электр самокаттарын иретке келтирип, аларды борбордук көчөлөрдөн өз алдынча алып чыгуунун үстүндө иштеп жатышат.






Бишкекте мэрия менен келишимдик мамиледе болбогон электро самокаттар алынууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: