super.kg logo

“РСК Банк” - WSBI'га кирген Кыргызстандагы алгачкы банк

 

“РСК Банк” кыргыз банктарынын арасынан алгачкылардан болуп Аманатчы жана чекене банктардын бүткүл дүйнөлүк институтуна (WSBI) кирди. Аталган уюм 69 өлкөнүн 6 400дөн ашуун банк мекемелерин камтыйт. WSBI'дин мүчөлөрүнүн активи 13 триллиондон ашуун АКШ долларын түзөт.

“РСК Банктын” бул уюмга кирүүсү корреспонденттик мамилелерди жакшыртуу максатында дүйнөлүк ири банктар, каржы институттары менен болгон мамилесине өбөлгө түзөт. Ошондой эле ал пикирлештер менен билим жана тажрыйба алмашуу үчүн байланыштарды түзүүгө, ар кандай демилгелерге катышууга мүмкүнчүлүк берет.

WSBI уюмунун долбоорлору менен “РСК Банкка” алдыңкы тажрыйбалар жана жаңы чечимдер жеткиликтүү болот. Ал эми бул Банктын ишмердүүлүгүн жакшыртып, каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана рыноктогу позициясын бекемдөөгө көмөкчү болот. Андан сырткары, бул ишмердүүлүгү чекене банктардын кызматын өнүктүрүүгө багытталган глобалдык каржылык институттардын коомчулугуна кошулууга карата дагы жакшы мүмкүнчүлүк.

www.rsk.kg

КРУБ лиц. №033, 033/1






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: