super.kg logo

"Түкүр бетине". ИИМ балдарын жана аялын сөккөн жаран боюнча билдирүү таратты 

 

Социалдык тармакта таралып жаткан видео боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, 11-октябрда социалдык желесине эркек киши балдарын тилдеп жаткан видео тараган.

Анда видеодогу адам балдарын сөгүп, "Мени ата дебегиле" дегенин көрүүгө болот. Ошондой эле ал уулунан кызын тебишин сураган.

"Чачынан тарт, бетине түкүр" деген ал уулуна.

Бул видео боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы аталган жарандын өздүгүн аныктап, ал Кара-Суу районунун тургуну 1987-жылы туулган М.М. экендиги такталган.

Тактоо иштеринин жүрүшүндө жогорудагы киши Орусиянын жараны болот. Мурдагы жубайы экөөнүн ортосунда 1 кыз, 1 уулу бар, алар менен учурда чогуу жашабагандыгы маалым болду.

Ал эми тартылган видео тасма ушул жылдын апрель айында Орусиянын аймагында жүргөн учурда тартылгандыгы такталды.

Бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.






ИИМ балдарын жана аялын сөккөн жаран боюнча билдирүү таратты 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.10.2023. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: