super.kg logo

Нарында эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу аяктады

 

Нарында эки кабаттуу 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айылында 150 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу аяктады.

"Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы Бейшеев атындагы жаңы мектеп эки корпустан туруп, спорттук зал жана өтмө галереясы бар. Билим уясынын долбоордук кубаттуулугу 150 орунга ылайыкталган. Жаңы мектепте негизги класстык кабинеттерден сырткары химия, физика, биология сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыргыз тили, чет тили, орус тили кабинеттери, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга жыгач буюмдарды иштетүүчү устаканалар каралган, окуучулар үчүн толук шарттар түзүлгөн. Китепкана, буфет, дарылоо кабинети, спорттук залы бар. Анда кыздар жана балдар үчүн өзүнчө кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган", - деп билдирди Жыпаркулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.10.2023. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: