ЖКККББ бишкектиктерден зарыл болбосо унаа айдабай турууну суранды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Бишкекте өтүп жаткан саммитке байланыштуу шаар тургундарына кайрылды.
Кайрылуусунда аталган башкармалык шаардыктардан зарыл болбосо унаа айдабай турууга чакырды.
"Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар, бул жогорку деңгээлдеги мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан, баарыңыздарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо авто унааңыздарды айдабай турууну жана кызматкерлердин талаптарына кыйшайуусуз баш ийүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деп билдирди ЖКККББ.
Борбор калаабызда өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жыйыны учурунда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө карабай, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.
Кызматкерлер авто кайгуул, мото кайгуул жана ЖКККББнын Кавалериялык взводу аттар менен кайгуул кылышууда.



