super.kg logo

Ошто Кыргызстан менен Орусиянын  ректорлорунун  III форуму башталды

 

Бүгүн, 13-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстан менен Орусиянын окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өтүп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын 80ден ашуун ректорлору катышууда. Форумдун алкагында 50дөн ашуун эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.

"Жыйын билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен Орусиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана Евразия экономикалык биримдигине бирдиктүү билим берүү процессин түзүү максатында өтүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, алгачкы жолу форум 2019-жылдын март айында Бишкек шаарында Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн. Андан кийинки экинчи форум 2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбург шаарында Борис Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин базасында уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: