super.kg logo

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен эркекке пробациялык мөөнөт берген судья иштен алынат

 

Кечээ, 12-октябрда Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Маалыматка ылайык, отурумдун жыйынтыгында Судьялар кеңешинин чечими менен бир канча судьяларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө президентке сунуштар киргизилди.

Алардын ичинде мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен эркекке пробациялык мөөнөт берген судья Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токмаматов да бар.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун төрагасынын сунушун канааттандырды. Тиешелүү чечим президентке жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн.

Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган. Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 20-ноябрга чейин камакка алынган.

Биринчи жолкусунда райондук сот келиндин тосмо арызынын негизинде айыпталуучуну бошоткон. Экинчи жолкусунда Сокулук райондук соту айыпталуучуну үч жылдык мөөнөт менен пробациялык көзөмөлгө алууну өкүм кылган.

Жабырлануучу сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Облустук сот жабырлануучу бычакталгандан кийин гана, айыптууну сегиз жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: