super.kg logo

"Алар үчүн баарына даярмын". Балдарын сөккөн ата кайрылуу жасады

 

Буга чейин социалдык тармактарда балдарын видео байланыш аркылуу сөуп жаткан атанын видеосу тарап, кызуу талкууга алынган.

Анда видеодогу адам балдарын сөгүп, "Мени ата дебегиле" дегенин көрүүгө болот. Ошондой эле ал уулунан кызын тебишин сураган.

"Чачынан тарт, бетине түкүр" деген ал уулуна.

Бул видео боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы аталган жарандын өздүгүн аныктап, ал Кара-Суу районунун тургуну 1987-жылы туулган М.М. экендиги такталган.

Тактоо иштеринин жүрүшүндө жогорудагы киши Орусиянын жараны болот. Мурдагы жубайы экөөнүн ортосунда 1 кыз, 1 уулу бар, алар менен учурда чогуу жашабагандыгы маалым болду.

Ал эми тартылган видео тасма ушул жылдын апрель айында Орусиянын аймагында жүргөн учурда тартылгандыгы такталган.

Бул окуядан кийин балдарын сөккөн жаран дагы кайрылуу жасады. Кайрылуусунда ал балдарын сөккөнүн моюнуна алып, видео кескиленип чыгарылганын айтты.

"Чындык кайсы тарапта экенин билбейсиздер, бир тараптуу болбоңуздар. Мунун башы башкача болгон, мен балдарымды жөн эле сөкпөйм. Балдарымды сөккөнүм чын, ошол күнү провкацияга алдырдым.

Ошол күнү келинчегим башка эркекти "ата" дедиртип, кызым аны барып өөп, ал эркек шоколад берди. Видеодо көрүп турасыздар кызым жалдырап ал эркекти карап турат. Толук видео бар, ал дагы чындыгын койсун. Бардык эле ата ушундай эле эмоцияга алдырып айтат.

Мыйзам астында жооп беремин. Балдарымды мектепке бере албайтам дейт, документтери менде. Документтерди мен андан эмес, балдар үйүнөн алып кеткенмин.

Балдарымды балдар үйүнө таштаган. Ал жактан балдарымды алдым. Балдарым азыр келинчегимдин колунда, буюрса балдарым Орусияга келет. Балдарым үчүн баарына даярмын, энесине берип коюп карап турбайм, аларды алам", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: