Балыкчы Жалпы дарыгерлик практика борборунда компьютердик томография иштеп баштады
Бүгүн, 13-октябрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Балыкчы шаарында болуп, Балыкчы Жалпы дарыгерлик практика борборундагы компьютердик томография борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, Компьютердик томографиянын толук кандуу ишке киргенине 3 күн болуп, бул аралыкта алты бейтап диагностика өткөнүн маалымдашты.
"Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 миллион долларды түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылга ишке ашырылат.
Балыкчы шаарына жакын жайгашкан айылдардын тургундары, анын ичинде Чүй жана Нарын облустарынын тургундары компьютердик томография борборунун кызматы менен пайдалана алышат. Буга чейин Балыкчы шаарында компьютердик томография жок болгондуктан, бейтаптар Бишкекке же Караколго барууга аргасыз болушкан", - деп айтылат маалыматта.



