super.kg logo

Кыргызстан Казакстанга суу берүүнү жандантты

 

Кыргызстандын "Киров" суу сактагычы аркылуу Казакстандын Жамбыл облусуна суу бериле баштады. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн суу жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов билдиргенин аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Маалымдалгандай, учурда суу сактагычтан 12 кубометр суу агып чыгууда.

“Биз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, Киров суу сактагычын ачуу боюнча учурдагы шарттарды макулдаштык. Учурда суу сактагычтан 12 куб метр суу Жамбыл облусунун суу сактагычына топтолуп жатат“, – деп билдирген Нуржигитов.

Эске салсак, Казакстанга суу берүү 10-августта токтотулган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: