Сузакта 100гө жакын үй-бүлөгө ылайыкташкан социалдык шаарча курулду

Кечээ, 14-октябрда Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган "Үмүт" социалдык шаарчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Кабарлангандай, "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырылды. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын ажыратып берген.
"Шаарчада тигүү цехи, фельдшерлик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары курулган", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда мында жашаган тургундар жумуш менен да камсыз болот.
Турак үйлөрдүн жашоочулары социалдык шаарчаны курган демөөрчүлөр тарабынан тандалып алынган. Алар биринчи кезекте көп балалуу жалгыз бой энелерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн.



