"Мыйзамсыз". Улуттук банк Telegram-каналдар аркылуу акча алмаштырбоого чакырды
Улуттук банк элди Telegram-каналдар аркылуу акча алмаштырбоого чакырды. Бул туурасында анын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Маалымдалгандай, финансылык жөнгө салган тарап азыр ар кыл мессенжерлер, анын ичинде Telegram-каналдар менен ар кандай атка жашынган жеке адамдар жана башка жактар курс менен көлөмүн көрсөтүп, нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча маалыматтарды жарыялап жатат.
Белгиленгендей, мындай нерселер мыйзамсыз. Бул иштери үчүн жеке жактар 17,5 миң, ал эми юридикалык тарап 55 миң сомдук айыпка жыгыларын эскертти.
Улуттук банк Telegram-тайпалардын мүчөлөрү кылмыштуу жактардын өкүлдөрү болушу ыктымалдыгын айтты. Жабдылбаган жайларда жеке жактар менен акча алмашуу жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаратышы, ошондой эле тоноп, алдап кетүү сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.
Андыктан жарандарды лицензия алган, жабдылган атайын уюмдарда гана акчаларын алмаштыруу сунушталды.



