Борт коштоочу Нургуль Колбаева: "Бул кесип мени тандады деп айтсам болот. Анткени..."
Борт коштоочу Нургуль Колбаева өзүнүн жумушундагы өзгөчөлүктөрү, абадагы кызыктуу окуялар, кызматкердин келбети, бою канчалык маанилүү экендиги тууралуу SUPER.KG порталына жооп берди.
Анын айтымында, бул кесипти аркалап келе жатканына 10 жылдан ашты. Жумушка барарда күн сайын кечинде тойго баргандай даярданып баштайт.
"Чындыгын айтсам бул кесип мени тандады деп айтсам болот. Борт коштоочу менин жаштыгымдагы кыялым эмес эле. Мен жогорку окуу жайды аяктагандан кийин "Кыргыз-орус нефть" компаниясында менеджер болуп иштегем. Ошол жерде кесиптешим менен таанышып калдым. Ал мага "авия компанияда иштебейт белең? Менин атамдын компаниясы бар" деп сунуштап калды. Мен макул болуп, курстарга катышып, ошентип борт коштоочу болуп иштеп калдым. Мен бул кесипти аркалап келе жатканыма он жылдан ашты. Биз жумушка барарда күн сайын кечинде тойго даярдангандай даярданып баштайбыз", - деди Колбаева.
Ошондой эле ал борт коштоочулардын бою 1,65 метрден ылдый болбошу керектигин кошумчалады. Өз кесибинин стандарттары тууралуу айтып берди.
"Борт коштоочулардын бою 1, 65 метрден төмөн болбошу керек. Анткени алар колун көтөргөндө учактын ичиндеги текчелерди жаап турушу керек. Борт коштоочулар ар дайым саат тагынып жүрүшү керек. Анткени биздин инструктажды көрсөткөн убактыбыз бирдей болуусу зарыл. Мындан тышкары узун сөйкө, чоң чач кыпчыткычтарды тагынбашы керек", - деп кошумчалады ал.
Толугу менен видеодон көрүңүз.



