super.kg logo

Кытай Израилди эл аралык мыйзамдарды бузду деп айыптады

 

Израилдин аракеттери өзүн коргоонун чегинен чыкты жана алар Газа тилкесинин тургундарын жамааттык жазалоону токтотуусу керек. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан менен сүйлөшүүсүндө билдирди деп жазат EADaily басылмасы.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И

"Кытай карапайым калкка зыян келтирген бардык аракеттерге каршы жана айыптайт. Анткени алар адамдык абийирге каршы келет жана эл аралык укуктун негизги нормаларын бузат", - деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин дипломаты.

Ошондой эле ал Израил эл аралык коомчулуктун жана БУУнун баш катчысынын чакырыктарына кулак салышы керектигин белгилеп, бардык тараптар согуштун ырбашына алып келе турган аракеттерден алыс болуп, тез арада сүйлөшүү үстөлүнө кайтуулары керектигин кошумчалады.

Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Израил ХАМАСтын чабуулунан 1300дөн ашуун адамы өлгөнүн кабарласа, Палестина Газаны аткылоодон 2200дөн ашык киши мерт кеткенин билдирүүдө.

Учурда Израиль Газа тилкесине электр жарыгын жана суу берүүнү токтотуп, толук блокадага алган. БУУ жана дүйнөнүн бир нече өлкөсү Израиль бийлигинин аракеттерин сынга алууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: