Өлкөдө дем алыш күндөрү 11 өрт кырсыгы катталды
Өлкө аймагында дем алыш күндөрү 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрү республика аймактарында 11 өрт кырсыгы катталып, 12 бөлүм тартылды.
- Бишкек шаарында 2;
- Чүй облусунда 1;
- Жалал-Абад облусунда 3;
- Ош облусунда 2;
- Баткен облусунда 2;
- Нарын облусунда 1 өрт кысыгы катталган.
Белгилей кетсек, Базар-Коргондун Сай-Коргон айылында Жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 48 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Кырсыктын кесепетинен үй-буюмдары, эшик-терезелер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.