super.kg logo
  Саясат  

Президент Жапаров Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча үн катты

 

Өнүккөн мамлекеттерде кримдүйнө деген түшүнүк жок. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын чакан маеги толугу менен төмөндө:

— Уюшкан кылмыштуу топтун лидери делген Камчы Көлбаевдин УКМКнын операциясы учурунда жок кылынышы акыркы күндөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган темалардын бири болду. Аны жактагандар да, жектеп, сындагандар да бар. Камчы Көлбаевди өлтүрбөй кармаса болбойт беле деген да пикирлер жок эмес. Сиз бул операция даярдалып жатканын билдиңиз беле?

— Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи" деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. "Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен" деп.

Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн делип иш аскер прокуратурасына берилди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү.

— Негизи эле криминалдык чөйрө коомчулуктун, мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө кандай таасир этет? Уюшкан кылмыштуу топ, алардын лидерлери деген түшүнүк өлкөбүздө таптакыр жок болушу керек дегендер бар. Ошол эле учурда "Кайсы бир көйгөй жаралса мамлекеттик түзүмдөргө караганда кримавторитеттерге кайрылсаң алар тез чечип берет" деген пикирди кармангандар да жок эмес. Ушуга пикириңиз кандай?

— Негизи өнүккөн мамлекеттерде кримдүйнө деген түшүнүк жок. Ошол үчүн өнүгүп жатышат. Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнү бирөө каракчылык кылса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коелу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып кетиптирбиз.

Эскерте салсак, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрда жок кылынган. Атайын операцияны УКМК жүргүзгөн.

Атайын кызмат 9-октябрда Көлбаевге таандык делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын жана ал менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: