Бишкекке тик учак алып келинди



Орусия Кыргызстанга Ми-8 тик учагын берди. Учак Бишкекке келип конду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров кесиптеши Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынып, ал Бишкекке келип конду.
"Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүүчү шайманы (водосливное устройство), жүргүнчү отургучтары, кошумча май бактары бар, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган. Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат", - деди Орунбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.