super.kg logo
  Саясат  

Шакиев баштаган депутаттар иш сапары менен Нарынга барды

 

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусуна иш сапары менен барды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач төрага Кочкор районунун Орток айылындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

"360 орунга ылайыкталып курулган бул мектеп 1991-жылы пайдаланууга берилген. Азыркы тапта 275 окуучу билим алат. Окуу имаратындагы негизги көйгөй жылытуу системасынын начардыгы. Анткени мындан 18 жыл мурун орнотулган электроконвекторлор эскирип, жарымы жараксыз абалга келген. Натыйжада өткөн кышта класстар муздак болгондуктан кошумча жылытуучу жабдууларды колдонууга мажбур болушкан. Тиешелүү мекемелерге кайрылуулар жазылып, жыйынтыгында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) 4 миллион 785 миң 367 сомдук долбоор киргизилген. Долбоордун алкагында жасалуучу жумуштар мерчемделип, жакынкы аралыкта тендер өтөрү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Нурланбек Шакиев окуучулар үшүбөй, жылуу класстарда билим алышы керектигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге оңдоп-түзөө иштерин тез арада бүткөрүү талабын койду.

Жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн баарлашууда бала бакча маселеси курч экени айтылды. Төрага калктын талабын эске алып, кийинки жылы жаңы бала бакча куруу маселесин карап чыгууну тиешелүү жетекчилерге табыштады.

Белгилей кетсек, Шакиевди депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Жылдыз Садырбаева, Мирлан Самыйкожо, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Таалайбек кызы, Кубанычбек Самаков коштоп жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: