Жалал-Абадда алгачкы ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды




Бүгүн, 16-октябрда Жалал-Абад шаарында 639 батирден турган "Асман резиденс" ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана калаа тургундары катышты.
Ага ылайык, курулуш президенттин демилгеси менен жарандарды мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Ага президенттин Иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.
Ошондой эле ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1,6 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4 пайыздан, калган тургундар 8 пайыздан үй алуу мүмкүнчүлүгү бар.
"Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул иш-чара Жалал-Абаддагы турак үйгө муктаж болгон тургундардын көптөн күткөн тилеги экенин белгиледи. Демилге элдин түйшүгүн жеңилдетүү багытындагы туура мамлекеттик башкаруунун натыйжасы экенин айтып, облуста ипотекалык турак жайларды куруу планы дагы уланаарын кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

