Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштады
Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору муниципалитеттин сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан транспорттун бардык түрлөрүнө: автобустарга, кичи автобустарга жана троллейбустарга бирдиктүү тарифти белгилөө сунушталды.
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире баасы:
- троллейбуста 20 сом;
- менчик түрүнө карабастан автобуста (өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) 20 сом;
- менчик түрүнө карабастан чакан класстагы автобустарда – 20 сом.
2. Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм:
- 40 килограммдан жогору же көлөмү 50х60х100 сантиметр 20 сом.
3. 1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) баасы:
- мектептик 430 сом;
- стандарттуу 1200 сом.
4. Бишкек шаарынын тургундарынын төмөнкү категорияларына муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу белгиленсин:
- жаш курагы боюнча пенсионерлерине;
- жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын I, II, III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына;
- бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте маршруткаларда жол кире акысы 15 сом болсо, автобус, троллейбустарда жүргүнчүлөр 11 сом төлөшөт.
