Улуттук банк ар кандай өлчөмдөгү 500 сомдук купюралар түшүрүлгөн видеого түшүндүрмө берди (видео)
Социалдык тармактарда тараган жаңы чыгарылыштагы 500 сомдук банкнот тууралуу тартылган видео боюнча Улуттук банк төмөнкүлөрдү билдирди.
Улуттук банк өзүнүн билдирүүсүндө, видеодо көрсөтүлгөн 500 сомдук банкноттор талап кылынган сапатка жана өзгөчөлүктөргө ылайык келишин тийиштүү экспертизадан өткөрүү максатында, банкноттордун ээсинен Улуттук банкка тапшырууну суранат. Комментарийлер банкнотторго тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин берилет.
Ошондой эле Улуттук банк банкноттор эл аралык сапат стандарттарына ылайык даярдала турганын белгилеп, анын сапаты даярдоонун ар бир баскычында текшериле тургандыгын кошумчалады.
"Эгерде сиздерге шектүү банкнот/монета туш болсо, аны укук коргоо органдарга же Улуттук банкка тапшыруу зарылдыгын, ал жактан адистер банкноттун аныктыгын текшере тургандыгын эскертет. Улуттук банк шектүү банкнотторду жана монеталарды экспертизага дүйшөмбүдөн тартып жума күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.
Экспертиза жүргүзүү үчүн эч кандай акы алынбайт. Экспертиза мөөнөтү беш жумушчу күндөн ашпайт.
Улуттук банк ар кандай өлчөмдөгү 500 сомдук купюралар түшүрүлгөн видеого түшүндүрмө берди



