Бишкекке дагы 58 жаңы автобус алып келинди (фото)




Бишкекке Кытайдын "Golden Dragon" заводунан кезектеги 58 жаңы автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Автобус 85 адамды ташууга ылайыкталган, анда 29 орундук жайгаштырылып, 2 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган.
"Жаңы ыңгайлуу автобустар аз мобилдүү жарандар үчүн да, калган бардык жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу жүрүүнү камсыздайт. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган, бул сапар учурунда коопсуздук деңгээлин жогорулатат", - деп билдиришти мэриядан.
Мындан тышкары, жаңы автобустар контактсыз акы төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган, бул төлөм процессин жеңилдетет жана жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөйт.
Эске салсак, Бишкек быйыл газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алган. Буга чейин шаарга 200 автобустун партиясы келип, шаардыктарды тейлөө үчүн каттамга чыккан.
Калган автобустарды жыл аягына чейин шаарга алып келүү пландалууда.
Кытайдан келген жаңы Jong Tong автобустары 31-августтан баштап каттамга чыгышкан. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.