"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирүү таратты
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы чукул билдирүү таратты. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 17-октябрдан 20-октябрга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
Ага ылайык, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.
"Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.
Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.



