Шакиев Жумгалда бала бакчанын пайдубалына капсула салды




Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарынга болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Байзак айылында курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, 120 балага ылайыкташкан бала бакчанын курулушуна мамлекет тарабынан 94 миллион сомдон ашуун каражат каралган.
Капсула салуу аземинин алкагында айыл тургундары менен жолугушкан төрага агрардык өлкө катары Кыргызстан үчүн айыл чарба тармагы артыкчылыкка ээ экенин айтып, кийинки жылы ирригация тармагына 2 миллиард сом бөлүнөрүн билдирди.
Эскерте кетсек, Шакиевди депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Жылдыз Садырбаева, Мирлан Самыйкожо, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Таалайбек кызы, Кубанычбек Самаков жана жергиликтүү бийликтин тиешелүү жетекчилери коштоп жүрөт.
