super.kg logo

Камчы Көлбаевдин дагы 500 миң долларлык жылкылары табылды (фото)

 

УКМК тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кымбат баалуу асыл тукум жылкылары аныкталып, мамлекетке алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркум Камчыбек Асанбектин 500 миң доллардан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды.
Алынган жылкылар: “Баш кашка” англис породасы – баасы 150 миң доллар;

“Командор” англис породасы - баасы 100 миң доллар;

“Раушан” англис породасы - 100 миң доллар;

“Дончак” донской англис породасы - 100 миң доллар;

“Кундуз” таза кандуу англис – 50 миң доллар;

“Байтал” таза кандуу англис – 50 миң доллар;

“Острый” – 15 миң доллар.

Ошондой эле Рыспек Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К.Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ– баасы 5000 доллар.


"Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: