Шакиев Жумгалдагы мектепке төраганын фондунан 320 миң сом берди





Кечээ, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылына курулган Калык Акиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, салтанатта сөз сүйлөгөн Шакиев улуу акындын атын алып жүргөн мектептин жаңы имаратынан мыкты уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирип, Жумгал жергеси эзелтен таланттарга бай экенин белгиледи.
Төрага мектептин жамаатына жана окуучуларга ийгиликтерди каалап, резервдик фондунан 320 миң сомдук сертификат тапшырды.
Андан соң Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Чаек айылында жайгашкан Мидин Алыбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты. Азыркы тапта 380ден ашуун окуучу билим алган мектептин имараты 52 жыл мурун курулуп, азыркы тапта капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Андан тышкары мугалимдер менен баарлашууда практикалык иштерди жүргүзүүгө керектүү жабдуулардын, түрдүү лабораториялык куралдардын жоктугу негизги көйгөй катары айтылды.
Төрага мектепти жаңылоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо ишин тиешелүү жетекчилерге табыштап, окуучулардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү шарттарды түзүү башкы маселе экенин белгиледи.
