super.kg logo
  Саясат  

Аялына зомбулук көрсөткөн эркек жөнүндө маалымат чогултуу сунушталды

 

Кечээ, 16-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Динара Ашимова мыйзам долбоору аркылуу бир нече кодекстерге өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын белгиледи. Атап айтканда мыйзамдын айрым жоболоруна жабыр тартуучуларды коргоо, укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, айрыкча үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктардын курмандыктарынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев үй-бүлөлүк зомбулук жеке мүнөздө болбошу керектигин белгилеп, никеге турганда тигил же бул жаран үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мурда сот жообуна тартылгандыгы тууралуу маалымат берилишин сунуштады.

“Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп жүргөн киши тууралуу аны менен кийин мамиле курууну пландаган аял билсе. Мисалы, аял же кыз күйөөгө чыгууну чечти дейли, ал болочоктогу жолдошу үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөнү тууралуу биле алмак. Мындай маалыматты ички иштер органдары каттоо жана никени каттоого алуу органдарына берип турса. Эркек буга чейин аялдарды урганы тууралуу маалыматты көрсө ал өзү үчүн тийиштүү чечим кабыл ала алмак”, - деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: