Өлкөдө 400 миңден ашык адам кызамыкка жана кызылчага каршы эмделди
Кыргызстанда 450 миңден ашык бала кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө алышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери 2 миң 842 адам кызамык менен ооруган. Алардын басымдуу бөлүгүн 4 жашка чыга элек балдар түзөт.
Бул илдеттерге каршы кошумча эмдөө өнөктүгү уланууда. Бул өнөктүк 18-сентябрда вирус өзгөчө кеңири жайылып жаткан аймактарда – Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында башталган. Төрт жуманын ичинде 450 миңден ашуун бала вакцина алышты.
"Эмдөө 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында буга чейин эмделгенине же кызамык жана кызылча менен оорусуна карабастан жүргүзүлүп жатат. Эмдөө өнөктүгү ЮНИСЕФ менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу алдында өтүүдө.
Ооругандардын көбү Бишкек шаарында (757 адам), Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (670 адам), Чүйдө (389 адам) жана Жалал-Абад шаарында (440 адам) жашайт", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми вирустун жайылышын токтотуу үчүн эмделгендердин көрсөткүчү 95 пайыздан жогору болууга тийиш.
Министрлик кызамык – бул коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктыра турган дары жок, ал эми анын оор түрү өлүмгө алып келиши мүмкүн экендигин эскертти.
