Ошто “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды





"Керме-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгында Ош ШИИБдин “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош ШИИБдин башчысы Марлис Асанов, күч түзүмдөрдүн, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.
Белгилей кетсек, жалпы аянты 1400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу административдик имаратты куруу үчүн Ош мэриясы тарабынан 18 сотых муниципиалдык жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.