super.kg logo

Ошто ишкерлерди тоногон криминалдык чөйрөгө катышы бар жаран кармалды

 

Ишкерлерге карата жасалган тоноо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, маданий тиричилик жана чарбачылык багыттагы буюмдарды жана мүлктөрдү даярдоо менен алектенген ишкерлерге өзүн криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары тааныштырган жаран үй тиричилигине керектүү буюмдарды жасап берүүнү талап кылган. Ал бир нече жолу келип, коркутуп, физикалык күч колдонуп, даяр буюмдарды алып кеткен. Жабырлануучуларга 100 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

"Топтолгон материалдын негизинде, Ошто Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында укукка каршы аракеттерге шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу 1991-жылы туулган М.Ф. (ал М.С. атын өзгөртүп салган). Көрсөтүлгөн жаран мурда бир нече жолу соттолгон, криминалдык чөйрө менен байланышы бар", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: