Транспорт министрлиги ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга айып салынарын эскертти
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, министрлик жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында көзөмөл күчөтүлүп, текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.
"Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жайгашкан “Дыйкан” транспорттук-көзөмөл пунктунда бүгүнкү күнгө чейин тартип бузган айдоочуларга 731 миң сомго айып пул жана жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу жыйымы салынган. Күнү-түнү иштеген пункттун жанында атайын автоунааларды токтотуучу жай да уюштурулуп, белгиленген ченемден ашык жүк жүктөгөн айдоочулардын андан ары жүрүүсүнө тыюу салынууда", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, айдоочулар ашыкча жүк жүктөп чыккан мекеме-ишканалардын ээлерине атайын эскертме кагаздар берилип жатат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга (жеке жактарга) 17 миң 500 сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып пул салынат.
