Ноокатта 190 орунга ылайыкталган мектеп колдонууга берилди




Ноокатта 2021-жылы курулуп баштаган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокат районунуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кургак-Тектир айылындагы мектептин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, кубаттуулугу 190 орунга ылайыкталган.
Ал эми мектепте компьютердик класс, жөнөкөй кабинеттерден сырткары атайын физика, биология, химия кабинеттери жана лабораториялар бар. Окуучулар үчүн кол эмгек жана ар түрдүү кружокторду өткөрүү үчүн чоң кабинеттер каралган.
Ошондой эле жаңы билим уясында китепкана, ашкана, гимнастикалык зал да каралган. Мындан тышкары мектептин аянтында ар түрдүү спорт оюндары үчүн аянтчалар курулду.
