Чүйдүн Панфилов районунда эки чакан ГЭСтин каскады курулат
Чүй облусунун Панфилов районунда эки чакан ГЭСтин каскады курулат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Жашыл энергетика фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин берүү укугуна алгачкы сынак өткөрдү.
Чүй облусундагы Жарды-Кайыңды суусундагы эки ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 8 МВт (ар бири 4 МВт), жылына 40 миллион кило ватт/саат электр энергиясын өндүрүү болот деп күтүлүүдө. Инвестициялардын көлөмү 10 миллион долларды түзөт.
Белгилей кетсек, Жашыл энергетика фондуна мөөнөтсүз пайдаланууга берилген, жалпы аянты 9,88 гектар болгон үч жер тилкеси сынакка коюлган. Бирок 3,3 гектар жер тилкеси боюнча кызыкдар компаниялар талап кылынган документтердин тизмесин толук бербегендиктен жеңүүчү аныкталган жок. Бул жер тилкесине сынак бир айга, 20-ноябрга чейин узартылды.
