Кыргызстанда өлчөнгөн алтын куймаларын чыгара турган ишкананын курулушуна капсула салынды




Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун “Аффинаж заводунун” филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалымдалгандай, ишкананын курулушу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде башталды жана өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча өлкө тарыхындагы биринчи ишкана болуп калды.
“Бакыт Төрөбаев бул долбоор өлкө үчүн маанилүү экенин белгиледи. Аны ишке ашыруу менен баалуу металлдарды ата мекендик рынокто өнүктүрүү жана ата мекендик ишканалардын өндүрүүсүнүн эсебинен баалуу металлдардын жүгүртүлүшүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, эми мындан ары Кыргызстан өзү чыгара баштайт. Мындан тышкары тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат. Ал эми өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италиянын жана Германиянын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жалпы 1,5 миң чарчы метр аянтка салына турчу ишкананы 2024-жылдын биринчи кварталында ишке киргизүү пландалууда. Имараттын курулушу “Кыргызалтын” ААКнын өз эсебинен каржыланат.
