"33 миң доллар керек". Венера Эстебесова боорун алмаштыруу үчүн кыргыз элинен жардам сурайт (видео)





47 жаштагы Венера Эстебесова боорун алмаштыруу үчүн кыргыз элинен жардам сурайт. Бул тууралуу анын бир тууган эжеси Гүлмира Эстебесова SUPER.KG порталына билдирди.
Венера Эстебесова Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну, эки кыздын энеси. Кыздары окубайт. Батир жалдап турушат. Дарыгерлер ага 7 ай мурун Боордун циррозу диагнозун коюшкан. Учурда Венерага тез арада боорун алмаштыруу үчүн операция жасаш керек.
"Анын операциясына 33 миң доллар суммадагы акча керектелет. Учурда каражат чогула элек. Тез арада операция жасатуу керек. Мындай көп суммадагы акчаны чогултуу кыйын болуп жатат. Ошол себептен кайрымдуу элден жардам сурап чогултушубуз керек. Бул ооруну операция жолу менен гана жеңүүгө болот экен. Биз элибизден Венеранын тагдырына кайдыгер карабай, колунан келген жардамын берет деген үмүттөбүз", - деди эжеси Гүлмира Эстебесова.
Венера Эстебесовага жардам берүүнү каалагандар, төмөндөгү реквизиттерге акча каражатын которсо болот:
(MBANK VISA) +996997240776
4177490166972762
Венера Эстебесова
(Optima Visa) 4169585355159863
Венера Эстебесова
РСК (Элкарт) 9417089445754964
Венера Эстебесова
кошулду
47 жаштагы Венера Эстебесова боорун алмаштыруу үчүн кыргыз элинен жардам сурайт



