super.kg logo

Акыйкатчы институту Ислам кызматташтык уюмуна кирүүгө ниеттенүүдө

 

Акыйкатчы институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына (ИКУ АА) кирүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Стамбулдагы ассоциациянын Башкы ассамблеясынын жыйынына акыйкатчы Жамиля Жаманбаева катышкандан кийин Кыргызстандын Акыйкатчы институту аталган альянска кирүү чечимин кабыл алды. Аталган жыйынга Кыргызстан байкоочу катары катышкан.

“Кыргызстандын Акыйкатчы институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясынын ишмердүүлүгүнө кызыгуу менен байкоо салып турат, анткени Кыргызстандын көпчүлүк жарандары ислам динин тутунат. Жарандардын диний эркиндиктеринин укуктарын коргоо Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Альянска кирүү менен Кыргызстандын Акыйкатчы институту ИКУ ААнын аянтчасында жарандардын дин тутунуу эркиндигин коргоо боюнча өзүнүн позициясын билдире алат”, - деп эсептейт Жаманбаева.

Азыркы учурда институт Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына кирүү үчүн расмий кайрылуу даярдоодо.

Ислам кызматташтык уюму - эң ири жана эң таасирдүү расмий мусулман өкмөттөрүнүн расмий уюму. Азыркы учурда ал жалпы 2 миллиард калкы бар 56 өлкөнүн башын бириктирип турат. Штаб-квартирасы Сауд Аравиясынын Жидда шаарында жайгашкан.

Кыргызстан 1992-жылы 1-декабрда Ислам кызматташтык уюмуна мүчө болгон. Кыргызстандын Акыйкатчы институту аталган уюмдун байкоочусу болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: